Бүгүнкүгө белгиленген Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоо болбой калды. Буга шаар башчысы болгусу келген бир гана адамдын аты аталып, ал да талапкерлигин алып койгону себеп болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы Азиз Жабиев билдирди.
Буга чейин мэр шайлоо 25-сентябрга белгиленген болчу. Жыйынга жергиликтүү депутаттардын көбү келбегендиктен, шайлоо болбой калган. Кийин БШК мэр тандоо күнүн 14-октябрга белгилеген эле.
Август айында шаардык кеңеш мэр Кыянбек Сатыбалдиев жарым жылдыктагы отчетун берген жок жана кээ бир имараттарды курууда ашыкча акча пайдаланган деген жүйө менен ишенбөөчүлүк көрсөтүп, токтом кабыл алган. Депутаттык комиссия бала бакчанын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүдө 900 миң сомдук каражатты ашыкча пайдалангандыгын аныктап чыккан. Сатыбалдиев КСДП партиясы аркылуу шайлоого катышты. Ал тизмеде 34-орунда. (КЕ)