Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:58

Орусиядагы украин диаспорасынын лидери Виктор Гиржовго беш жылга Орусияга кирүүгө тыюу салынды. Ал өткөн түнү Брянск-Орловск өткөрмө пунктунда орусиялык чек арачылар тарабынан поездден түшүрүлүп салынган.

ФСБнын чечими менен ага 1-сентябрдан тарта Орусияга 5 жылга кирүүгө тыюу салынган.

“Москвадагы украиналыктар” аймактык уюмунун теңтөрагасы, “Орусиядагы украиналык конгресс” коомдук уюмунун жооптуу катчысы Виктор Гиржов жыйырма жылдан бери Москвада жашайт. Журналист, саясат таануучу катары таанымал Гиржов Украинада өткөн соңку президенттик жана парламенттик шайлоодо Москвадагы шайлоо комиссиясынын төрагасы болгон.

Москвада Виктор Гиржовдун аялы, эки баласы бар. Баары тең Орусиянын жарандары.

2009-жылы Орусиядагы украиналык диаспоранын дагы бир активисти Юрий Кононенкого да өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG