Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

АКШ Сирияда ИМ тобуна каршы аба соккуларын күчөтөт


АКШнын коргоо министри Эштон Картер Сенат комитетиндеги угуу учурунда. Вашингтон, 27-октябрь, 2015-жыл.
АКШнын коргоо министри Эштон Картер Сенат комитетиндеги угуу учурунда. Вашингтон, 27-октябрь, 2015-жыл.

Коргоо министри Эштон Картер бүгүн Сенаттын Аскерий иштер боюнча комитетинде билдиргендей, АКШ Сириядагы аба соккуларды алдыдагы апталарда күчөтөт.

Картер бул сөздөрдү АКШ баштаган коалиция Сирияда аба соккуларын акыркы төрт күндөн бери токтоткондой көрүнүп, ошол эле учурда Орусия бул ишти улантып, ал эми Ирандын күчтөрү козголоңчуларды бутага алып жаткан кезде айтты.

АКШ коргоо министри Сенат комитетинде белгилегендей, алар аба соккуларын бул өнөктүккө бүгүн кошумча учактарды тартуу менен күчөтөт.

Бул үчүн чалгын жагы жакшыртылып, ИМ тобунун баалуу жайларына, анын каржылык инфраструктурасынын чечүүчү таянычы - кара май өндүргөн объектилерине көбүрөөк сокку жасала баштайт.

Картердин айтымында, АКШ күчтөрү ошондой эле “Ислам мамлекети” тобуна алардын Сириядагы таянычы - Ракка шаарында, Иракта Рамади шаарында да кысымды күчөтүүнү көздөөдө.

АКШ баштаган коалиция ИМ тобунун Ирак менен Сириядагы турумдарынна бир жылдан ашуун убакыттан бери сокку уруп жатат.

Орусия болсо аба соккуларын быйыл 30-сентябрда баштап, анын учурунда баллистикалык ракеталарды колдонду. Орусиянын аба соккуларын кургакта Ирандын күчтөрү колдогон Сирия аскерлери чабуул менен коштоп жатат.

Расмий Москва жана Сирия президент Башар Асаддын АКШ баштаган коалициянын аба соккуларынан көзгө көрүнөрлүк жыйынтык аз экенин айтышса, Вашингтон жана НАТО өлкөлөрү Орусияны Сирияда ИМ тобун эле эмес, Асаддын режимине каршы оппозициячыл топторду да бутага алганы үчүн айыптаган.

Укук коргоочу уюмдар Орусиянын аба соккулары учурунда Сирияда 50дөн 150гө чейинки сандагы жайкын тургундардын өмүрү кыйылганын айтып чыгышса, Москва эл арасындагы жоготуулар боюнча кабарларды ага каршы "маалымат чабуулу" катары баалоодо. (UE)

XS
SM
MD
LG