Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Ош облусунда мите курттардан сактануу иш-чаралары башталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан кабарлашты. 28-29-октябрда “Мите курттардан арылабыз” иш-чарасына ылайык башталгыч класстын окуучуларына митеге каршы дары берилүүдө. Облус аймагындагы 12 жашка чейинки ар бир бала дарыгердин көзөмөлүнөн өтөт.

Мындан сырткары мектептерде окуучуларга ооруну алдын алуу чараларын чагылдырган тасма көрсөтүлүүдө.

Мите куртка каршы акция республика боюнча 2007-жылдан бери өткөрүлүп келет. Расмий маалымат боюнча бул жылдар аралыгында мите курттар менен ооруган жарандардын саны 14 % чейин азайган. Адистер колду таза жууп, жугуштуу ичеги-карын жана мите (паразитардык) оорулардын алдын алса болорун белгилешет. (ErN)

XS
SM
MD
LG