Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

"Жихади Жон" жок кылынды деп айтууга негиз бар


"Ислам мамлекети" радикал тобунун турумдарына сокку уруп келаткан АКШ баштаган коалициянын маалымат катчысы полковник Стив Уоррен "Жихади Жон" деген ат менен белгилүү британиялык согушкер Мохамед Эмвазинин Сириянын Ракка шаарында аба соккусунан набыт кетиши бышыкталып жатканын билдирди.

Полковниктин айтымында, “эки аяктуу жаныбар” Эмвазини бутага алган сокку катардагы операция болгон.

Буга чейин Би-би-си Британ армиясынын жогорку өкүлүнө таянып "Жихади Жон" АКШнын пилотсуз учагы Ракка шаарына урган соккудан набыт болду деген ыктымалдык жогору деп маалымдаган.

Бирок британ премьер-министри Девид Кэмерон анын өлгөн же өлбөгөнү азырынча белгисиз деп билдирди:

- Өткөн түнү Кошмо Штаттарынын аба аскерлери Раккада "Жихади Жон" деген ат менен белгилүү “Ислам мамлекетинин” баш кесери Мохамед Эмвазини бутага алышкан. Соккудан майнап чыгып чыкпаганын так айта албайбыз. Бирок Эмвазини таап, бейкүнөө адамдарды өлтүрүүнү токтотуу үчүн бар аракетибизди жумшарыбызды буга чейин да айтып келгем.

“Ислам мамлекети” радикал тобу жарыялаган видеолордо анын барымтадагы Батыш жарандарын мууздап жатканын көрсө болот.

Америкалык айрым маалымат каражаттары АКШнын расмий өкүлүнө шилтеме жасап, сокку таамай урулганын, согушкердин денесинен “эч нерсе калбаганын” жазышты. 12-ноябрда Пентагон дрон жихадчыны ташып бараткан делген машинага сокку урганын ырастаган.

Мурда Лондондо программист болуп иштеген Эмвази Кувейтте ирактыктардын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси 1993-жылы Британияга көчүп кеткен.

XS
SM
MD
LG