Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Жер титирөөнүн кесепеттери аныкталууда


17-ноябрда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жеринде көрүп, аныктоо максатында эки топтон турган шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы менен биргеликте иш жүргүзүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча Ош шаарында жабыркоонун 4-даражасы боюнча 11 үй, 11 объект катталган. Кара-Суу районунда 4-даражадагы 221 үй, ал эми эң оор, 5-даражадагы 11 үй аныкталган. Алайда 4-даражадагы 166 турак жай эсепке алынган. Булардан сырткары кайра тургузууну талап кылган социалдык имараттар да бар.

Жалпысынан Ош шаары, Кара-Суу, Алай, Өзгөн райондорунда силкинүүдөн жапа чекти делген 3500гө жакын турак жай иликтенген.

4-5-даражада жабыркаган турак жайлардын ээлерине мамлекет тарабынан пайызсыз насыя берилери кабарланган.

17-ноябрда болгон жер титирөөнүн күчү Кара-Суу районунун Талдык, Лаглан, Тээке айылдарында - 7 балл, Алай районунун Кызыл-Суу, Боз-Караган, Гүлчө айылдарында 6-7 балл, Ош шаарында 6 балл, Жалал-Абад шаарында 4-5 балл жана Өзгөн шаарында 5-6 баллга жеткен. Зилзаладан адам өмүрүнө зыян келген жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG