Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

Депутаттар машинадан баш тартып, KG номерин сактап калышты


Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында чыгымды кыскартуу жана жеңилдиктерден баш тартуу боюнча чечим кабыл алышты. Ага ылайык, эл өкүлдөрү кызматтык машина жана айдоочудан баш тартышты.

Кызматтык унаа төрага жана анын эки орун басарында гана калат. Ошону менен автопарк жоюлат. Бирок депутаттар KG номерин өз машиналарына тагуу мүмкүнчүлүгүн калтырышты. Мындан сырткары эл өкүлдөрүнүн жардамчы, кеңешчилеринин орду сакталып калды. Эл өкүлдөрү шаардан 20 чакырым алыс жашаган депутаттарга жана каалоочуларга кызматтык үй берүүнү колдошту. Ошентип айдоочудан, бала бакчадан, пансионаттардан үнөмдөө менен Жогорку Кеңештин чыгымы мурдагыдан 50 млн. сомго кыскармай болду.

Парламенттик шайлоо алдында элге кол тийбестик менен артыкчылыктардан, турак жай, машинадан баш тартабыз деп көп партиялар убада берген.

Жарандык коом депутаттардын чыгымын азайтууну талап кылып келет. Парламентке жыл сайын элден чогулган салыктын эсебинен 800 млн. сом сарпталат. (КЕ/МТо)

XS
SM
MD
LG