Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги биргелешип жүргүзгөн иш-чаранын негизинде дин таануучу Кадыр Маликовго кол салгандар эл аралык "Ислам мамлекети" террорчул уюмунун мүчөлөрү экендиги аныкталды. Шектүү катары Нарын шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Тилек уулу Алибек, 1986-жылы туулган Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Ырыскул Бейшеналиев изделүүдө. Аларга эл аралык издөө жарыяланды. Алдын-ала маалыматтарга караганда, аты аталган жарандар окуя болгон күнү эле Казакстанга, андан кийин Түркияга учуп кетишкен. Ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде кылмыштуу топко көмөк көргөзгөн эки жаран кармалды. 29-ноябрда алар жашаган жер тинтүүгө алынып, экстремисттик мазмундагы адабияттар, курал-жарак табылды. Бул топтун милициянын өлүмүнө да тиешеси бар болушу ыктымалдыгы айтылууда. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
26-ноябрда кечке жуук Кадыр Маликовдун үйүнүн алдында белгисиз адамдар менен чыккан чырда анын жаагына бычак сайышкан. Маликов муну радикал топтордун өз өмүрүнө кол салуу аракети деп атаган.
Ал эми 19-ноябрь күнү кечки саат сегиздер чамасында белгисиз эки жаран 27 жаштагы милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевди документ текшерүүгө аракет кылган учурда кол салып, атып кетишкен. (КЕ)