Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Кыргызстанда Борбор Азиядагы дин коопсуздугу талкууланат


“Борбор Азиядагы диний радикалдашуу: реалдуулук жана миф” деген аталыштагы эки күндүк конференция 7-8-декабрь күндөрү Бишкекте өтөт. Эл аралык “Тынчыкты жана согушту чагылдыруу институту” (IWPR ) уюштуруп жаткан жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда ишмердик жүргүзүп жаткан дин аалымдары, серепчилер жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышат.

Конференциянын жүрүшүндө өлкөлөрдөгү жагдай өз-өзүнчө талдоого алынат жана экстремизм темасын чагылдырып жүргөн журналисттерге практикалык окуулар уюштурулат. Соңунда катышуучулардын ой-пикирлеринин негизинде атайын сунуштама даярдалып, тийиштүү органдарга берилет.

Уюштуруучулар маалымдагандай, иш-чарага каржылык колдоону Норвегия өкмөтү жана Европа кеңеши берүүдө.

Серепчилер Борбор Азияда, анын ичинде Фергана өрөөнүндө диний радикалдашуу курчуп баратканын эскертип келишет. (SE)

 

XS
SM
MD
LG