Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Ирак аскерлери соңку жарым жылдагы ири жеңишин белгилөөдө


Рамадидеги өкмөт күчтөрү
Рамадидеги өкмөт күчтөрү

Ирак аскерлери согушкерлер ээлеп турган Анбар провинциясынын борбору Рамади шаарын өз көзөмөлүнө алганын жарыялады. Бул өкмөттүк күчтөрдүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун үстүнөн соңку жарым жылда жетишилген эң ири жеңиши катары сыпатталууда.

Шаарды жоочулардан тазалоо аракети бир канча аптага созулуп, 27-декабрда аскерлер провинциянын административдик имаратын ээлегени кабарланды. Бирок “Ислам мамлекети” тобуна каршы АКШ баштаган аскерий коалиция Рамадинин административдик имараты өкмөт колуна өткөнү тууралуу маалыматты бышыктай элек. (SE)

XS
SM
MD
LG