29-декабрда түнкүсүн кар жаабайт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8,
Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7,
Баткен облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 4...9,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, чыгыш тарабында -6...11, күндүз 1...6, чыгыш тарабында -4...+1,
Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -1...-6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27, күндүз -9...-14 градус болот.
29-декабрда Бишкек кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3 градус суук, күндүз 6…8 градус жылуу болот. (КЕ)