Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Израил аскерлерине чабуул жасалды


Жардыруу Израил менен Ливандын чек арасында “Хезболла” тобунун согушкерлери көзөмөлдөгөн аймакта болду. Бул тууралуу шиит радикалдарынын “Хезболла” уюмуна жакын Al-Manar телеканалы кабарлады. Бирок бул чабуулдан жапа чеккендер тууралуу маалымат айтылган жок.

Жардыруу “Хезболла” көзөмөлдөгөн аймакта болгонун жана Израил тараптан Ливандын ичкери жагын аткылаган жооп болгону туурасында Associated Press агенттиги да окуянын күбөлөрүнө таянып жазып чыкты.

Болжол менен кыркка чукул снаряд Гаджар жана Мазария-Шабъя талаштуу аймактарына атылган. France-Presse агенттиги дагы Израил коопсуздук күчтөрүнө шилтеме берип, “Хезболла” уюмунун согушкерлери аскерлердин кайгуул тобуна каршы жардыруу уюштурганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG