Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Кыргыз-орус фонду Каракол менен Балыкчыга кабат үй куруу мүмкүнчүлүгүн кароодо


Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчилиги Кыргызстандын аймактарын кыдыра баштады. Алгач алар Ысык-Көл облусуна барып, Каракол жана Балыкчы шаарларынын мэрлери менен бирге аймакта каржылоого ылайык объектилерди кыдырып чыгышты. Фонддон кабарлашкандай, бул эки шаарда эконом классындагы көп кабат үйлөрдү куруу, аларды сатып алуунун жеңилирээк жолдорун сунуштоо маселесин талкуулап, курулуш иштерин жүргүзүүгө мүмкүн деген жер тилкелери менен таанышып чыгышты. Мындан тышкары пансионаттардын ишин жакшыртууга насыя берүү жолдору талкууланды.

Фонд өкүлдөрү жакын арада Кыргызстандын башка аймактарын да кыдырып чыгууну пландаштырып жатат.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирген алгачкы жылдары колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн. Ага Орусия каражат бөлүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата фонддун эсебинен Кыргызстандын жеке жана орто бизнесине 5 жылдык мөөнөткө 12% менен 71 миллион сом насыя берилди.(RK)

XS
SM
MD
LG