Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн журналист Дайырбек Орунбековдун мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган арызын карай баштайт. Бул тууралуу журналисттин коомдук жактоочулары “Азаттыкка” кабарлашты. Отурум түштөн кийин саат төрттө болот.
Ал эми президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовдун үстүнөн жазылган арыз 1-февралда каралат.
Алмазбек Атамбаев жаңы жыл алдындагы маалымат жыйында Орунбековду бирөөнүн буйругунун негизинде иштейт деп айыптаган. Андан соң Фарид Ниязов ушул жаатта кайрылуу жасаган. Мындан улам кадыр-баркыма шек келди деген доомат менен журналист алардан символикалык түрдө бир сом өндүрүү талабы менен сотко кайрылган.
Буга чейин Дайырбек Орунбеков maalymat.kg сайтында июнь коогасы боюнча Атамбаевди каралап жазган деп табылып, 2 млн сомго айыпка жыгылган. (SE)