Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Франция Палестина мамлекетин таанууга даяр экенин билдирди


Франция эгер Израиль менен палестиналыктардын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу боюнча жаңы аракеттен майнап чыкпай калса, Палестина мамлекетин тааный турганын билдирди. Мындай билдирүү менен 29-январь күнү өлкөнүн тышкы иштер министри Лоран Фабиус чыкты. Ал Франциянын израил-палестина көйгөйүн чечүү боюнча эл аралык конференцияны каржылоо ниети бар экендигин билдирди. Конференция жазында болот жана ага палестина менен израиль тарап, АКШ, Евробиримдик жана араб мамлекеттери катышат.

Палестина администрациясындагы БУУнун туруктуу өкүлү Риад Мансур Франциянын чечимин кубаттады. Израиль бул чечимди салкын кабыл алды. Атын атабаган израиль дипломаты Франциянын билдирүүсү - палестина тарапты сүйлөшүүлөрдө өз ара ийгиликке жетүүдөн оолак болууга багыттаган кадамды түшүндүрөрүн белгиледи. (AzK)

XS
SM
MD
LG