Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Парламент унааларды эвакуациялоо алдында эскертүү берүүнү сунуштоодо


Жол четине токтотулган автоунааларды дароо эле эвакуациялабай, алгач номерин алып, эскертүү берүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн парламенттин Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында айтышты.

Туура эмес жерге токтотулган автоунаалар үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланууда. Мыйзамга ылайык, машинанын ээси жок болсо аны дароо эвакуациялоо же айдоочу болгон учурда миң сом айып пул төлөө каралган.

Айрым эл өкүлдөрү унаа токтоочу жайлар жок экенин, шарт түзбөй туруп элди кыйноо туура эместигин белгилеп келишет.(КЕ)

XS
SM
MD
LG