Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Орусиялыктар жакырчылыкты башкы коркунуч катары санашат


"Левада" борбору жүргүзгөн сурамжылоодо орусиялыктардын көпчүлүгү өлкөнү азыр баарынан мурда кымбатчылык жана калктын калың катмары жакырданып кетүү коркунучу тооруп турат деп эсептешкен. Суралгандардын 49 пайызы дагы бир коркунуч катары экономикалык кризисти, 35 пайызы жумушсуздук көбөйүшүн, 27 пайызы Орусиянын сырттагы чыр-чатактарга аралашуу ыктымалдыгын атаган.

Социологиялык борбор мындай сурамжылоону өткөн жылдын декабры менен быйылкы январь ичи жүргүзгөн. Анын тыянагында респонденттердин 82 пайызы өлкө азыр экономикалык кризисте деген пикирге макул болгон. Алардын ар бир бешинчиси кризис узакка созулуп, анын кесепети көптөгөн жылдарга чейин таасир этет деп эсептейт.

Ошондой эле суралгандардын 47 пайызы экономикалык крзисти мунай арзандашы, үчтөн бири коррупция, төрттөн бири бийлик төбөлдөрүн коргоо жана тейлөө чыгымдары көбөйүшү менен байланыштырган.

Орусиянын статистика комитети өткөн жылы орусиялыктар 1998-жылдан бери алгач ирет кирешесинен чыгашасы көп болгон учурга кабылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG