Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:13

“Энекем менин бейишим” аттуу кайрымдуулук долбоору башталды


Кыргызстандын бардык аймактарында аялдардын эл аралык майрамын утурлай “Энекем менин бейишим – 2016” аттуу кайрымдуулук долбоору башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынан кабарлашты. Алгач Ысык-Көл, Нарын облустарында башталган иш-чаранын алкагында томолой жетим жана кароосуз балдарды баккан турмуш шарты оор 50дөй энеге материалдык жардам көрсөтүлдү.

Жардамга муктаж жана ассамблеянын каттоосунда турган балдарга 5 миң сомдон жөлөк пул, таттуу белектер тапшырылды. Ушундай эле кайрымдуулук долбоору 8-мартка чейин башка аймактарда да улантылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG