Талиптердин Катардагы расмий өкүлү Мохамад Наим “Азаттыкка” берген маалыматында, ооган өкмөтү менен талиптердин түз сүйлөшүүсү үчүн АКШ баш болгон коалициянын аскерлери өлкөдөн чыгарылыш керек деди. АКШ, Пакистан, Кытай жана Ооганстан талиптер менен ооган өкмөтүнүн ортосунда тынчтык сүйлөшүүнү жандантууга аракеттенүүдө. Кезектеги сүйлөшүү март айынын башында Исламабадка белгиленгени кабарланган.
Бирок талиптердин Катардагы өкүлчүлүгүндө “сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат жок” экенин Мохамад Наим 23-февралда билдирип, алар Дохада январь айында жарыялаган сүйлөшүүнүн шартын өзгөртпөгөнүн кошумчалады. Талиптер өкмөт менен сүйлөшүүнү башташ үчүн чет өлкөлүк аскерлерди Ооганстандан кетирүүнү, талиптерди БУУнун террорчу уюмдар тизмесинен чыгарууну , Катардагы саясий кеңсени расмий таанууну, абактагы талиптерди бошотууну жана аларды камакка алуу, жок кылуу практикасын токтотуу талаптарын коюшкан. Расмий Кабул сүйлөшүүлөр төрт тарап белгилеген шартта болуш керек деген позицияда турат. (AiT)