Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Беларус Батыш менен мамилесин оңдоо жолун караштырууда


Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей анын өлкөсү Европа Биримдиги менен мамилесин оңдоого кызыкдар деп билдирди. 22-мартта Польшанын тышкы иштер министри Витольд Вашиковский менен жолугушууда Макей, Беларустун “тышкы саясатын диверсификациялоо жана экономикалык активдүүлүктү күчөтүү планы” бар экенин белгиледи. Макейдин айтымында, Минск Польша жана Европа Биримдигиндеги башка мамлекеттер менен байланышын негизги өнөктөшү Орусия менен кызматташтыкты сактоо менен өнүктүрөт.

Өткөн айда Европа Биримдиги Беларуска беш жыл мурун киргизилген санкцияларын токтоткон. Биримдик президент Александр Лукашенконун саясий туткундарды бошотуусун жана Украинадагы жаңжалды токтотууга кошкон салымын оң баалаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG