Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Башкы прокуратура Үңкүр-Тоодогу станция боюнча интернетке чыккан маалыматты текшерет


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Башкы прокуратура Үңкүр-Тоодогу станция тууралуу интернетке чыгып жаткан маалыматтын чын-төгүнүн териштирип чыгышы керек. Мындай тапшырма кечээ Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин кезектеги жыйынында берилди. Башкы көзөмөл органы териштирүүнү 20-апрелге чейин аякташы зарыл.

Ошону менен бирге өкмөткө станцияны башка жерге көчүрбөстөн азыркы турган ордунда калтыруу, анын ишмердүүлүгүн күчөтүү сунушталды.

Бирок көчүрүү тууралуу сөз каяктан чыгып жатканы белгисиз. Себеби буга чейин өкмөт “маалыматтык коопсуздукту күчөтүү, аймактардагы байланыш жана интернеттин сапатын жогорулатуу боюнча кошумча станция куруу тапшырмасын бергени” гана айтылган.

Парламенттик комитеттин төрага орун басары Абдывахаб Нурбаевдин да “Азаттыкка” айтуусунда, Үңкүр-Тоодон башка жакка көчүрүү тууралуу расмий документти эч ким көрө элек:

- Жок. Көчүрүү тууралуу бизге түшкөн эмес. Мен издеп, таба алган жокмун. Өкмөттүн өкүлү көчүрүү эмес, дагы башканы курабыз дегендей айтууда.

Аксы районунун Үңкүр-Тоосунда жайгашкан “Кербен” (РРС-24) радиорелейлик станциясы боюнча маселе учурда кызуу талкууланууда.

Кербен шаардык кеңешинин депутаттары өкмөт аларга былтыр ноябрда премьер-министрде өткөн жыйындын протоколун жөнөткөнүн, анда Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагында жайгашкан деп жазылганын, бирок бул тоо эч убакта өзбек тараптыкы болбогонун айтууда.

Ал эми өкмөт андай протокол барбы же жокпу, так айта элек. Болгону, премьер-министр Темир Сариев Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берүү тууралуу эч кандай токтомго кол койгон эмес деген гана жооптуу берүүдө.

Ортодо Кербендин депутаттары айтып жаткан протокол жасалма экени тууралуу маалымат чыккан, бирок мунун чын-төгүнү тууралуу да азырынча расмий жооп жок. (RK)

XS
SM
MD
LG