Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:49

Штайнмайер Борбор Азияга сапарын баштады


Франк-Вальтер Штайнмайер
Франк-Вальтер Штайнмайер

Германиянын тышкы иштер министри, ошол эле учурда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайер 30-мартта Борбор Азияга үч күндүк сапарын Өзбекстандан баштады. Бул аралыкта ал Өзбекстандан тышкары, Кыргызстан жана Тажикстанда да болот.

Немис Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Штайнмайер сапар алдында “стратегиялык маанидеги чөлкөмгө” баратканын билдирип, Борбор Азиядагы мамлекеттердин “экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жогору” экенин айткан. Андан сырткары, бул регион менен ири державалар саналган Орусия, Кытай жана Ирандын кызыкчылыктары кесилишерин кошумчалаган.

Штайнмайердин сапарынын алкагында аймактык кызматташуу, экономикалык алака жана терроризмге каршы күрөш маселеси талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG