Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:32

Штайнмайер: Кыргызстанда демократия бардыгын байкадым


Германиянын Тышкы иштер министринин Кыргызстандагы расмий жолугушуулары.
Германиянын Тышкы иштер министринин Кыргызстандагы расмий жолугушуулары.

Бул тууралуу Германиянын тышкы иштер министри, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал өлкөгө акыркы жолу он жыл мурун келгенин, 2010-жылдан бери Кыргызстан парламенттик демократияга багыт алганын, Германия аны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Ошондой эле диний экстремизмге каршы күрөшүү, экономика жана инфраструктура тармактары боюнча кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын айтты. Германиянын тышкы иштер министри сапардын алкагында кыргыз бийлиги менен саясаттан тышкары экономика тармагындагы кызматташтык маселеси көтөрүлгөнүн айтып, Кыргызстанды быйыл Берлинде өтө турган бизнес-форумга чакырды. Мындан тышкары Кыргызстанда 2002-жылдан бери иштеп жаткан ЕККУнун академиясына колдоо көрсөтүп жатканы үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. Аталган уюмдун алкагында өлкөдө демократиянын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүлөрүн да кошумчалады.

Штайнмайер жетектеген немис делегациясынын курамында маданият, илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ишкерлер жана Бундестагдын депутаттары бар. (NT)

XS
SM
MD
LG