Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

4 өзбек пансионаты 80 гектар жери менен менчиктешет


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Ысык-Көл жээгинде жайгашкан Өзбекстандын төрт пансионаты жалпысынан 80 гектар жери менен мамлекет менчигине өтөт. Мындай буйрукка кечээ өкмөт башчысы Темир Сариев кол койгон. "Рохат" (19,05 га), "Дилором" (21,77 га), "Золотые пески" (28,25 га) жана “Бустон” (10,65 га) пансионаттары ушу кезге чейин Өзбекстандын карамагында болуп келген.

Өзбек пансионаттары эки өлкө ортосундаггы менчик укугун жана мамилелерди жөнгө салуу келишимине (1994) жана Жогорку Советтин КМШ өлкөлөрүнүн ээлигиндеги эс алуу жайларын Кыргызстандын менчигине өткөрүү токтомуна (1992) таянуу менен кыргыз тарапка өтүүдө.(UEz)

XS
SM
MD
LG