Ички иштер министрлигинин алдындагы кайгуул милициясы Ахунбаев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде автотыгынга кабылган унааларды жөнгө салган ыктыярчы жигитке сыйлык тапшырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат катчысы Тилек Оторов “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтуусунда, учурда ыктыярчы табыла элек. Ага кайгуул милициясынын жетекчилиги кысталыш учурда жарандык жоопкерчилик көрсөткөн жигитке ыраазычылык билдирүүгө куштар.
Буга чейин жолдогу тартипти жол-кайгуул кызматкерлери жөндөп келсе, 1-апрелден тарта кайгуул милициясы көзөмөл жүргүзө баштаган.(UEz)