Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Самаковдун соту уланууда


Бишкектин Октябрь райондук сотунда Карганбек Самаков боюнча соттук териштирүү уланууда. Бүгүн Айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги, №1 мамлекеттик резиденциянын мурдагы башчысы Кубанычбек Турдукожоев жана Мамкаттоо кызматынын мурунку директору Адамжан Жолдошев күбө катары суралды.

Алар жерди трансформациялоодо мыйзам бузуу болбогонун, соттолуп жаткандар тарабынан басым жасалбаганын, араб өлкөлөрүнөн келген делегацияны резиденцияда коноктоо боюнча да мыйзам бузууга жол берилбегенин айтышты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков жана дагы бир топ адамга карата кылмыш иш былтыр 14-майда козголгон. Алар Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда.

Карганбек Самаков иши каралып бүткөнчө өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат жазып берген.

Ал айыпсыз экенин айтып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG