Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:16

Савченко мекенине кайтмай болду


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Орусияда түрмөдө жаткан украин учкучу Надежда Савченкону мекенине экстрадициялоо боюнча документтер алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Марк Фейгин билдирди.

Анын айтуусунда, жалпы процесс бир нече айды талап кылышы ыктымал.

«Мен Савченкодон жазасын Украинада өтөө үчүн экстрадициялоого уруксат алдым. Процесс башталды деп ойлойм” деди жактоочу.

22-мартта орус соту Надежда Савченкону 2014-жылы Луганскта эки орусиялыкты өлтүргөн деген айып менен 22 жылга кескен. Ал өзү бардык айыптарды далилсиз деп атап келет.

18-апрелде Киевде орусиялык аскерлер Александр Александров менен Евгений Ерофеев ”Украина чыгышындагы калабаны уюштурууга катышы бар” деп 14 жылга абакка кесилген.

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Москва менен Киев ошол эки аскерди Савченкого алмашуу боюнча сүйлөшүп жатканын кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG