Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Иран АКШдагы активдери боюнча БУУга кайрылды


Иран АКШда берилбей турган 2 миллиард долларлык активи боюнча маселеге кийлигишүүсүн өтүнүп Бириккен Улуттар уюумуна кайрылды.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Мохамад Жавад Зариф БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мунга кайрылуу жасап, АКШнын Жогору сотунун иран активдерине байланыштуу чечимин "өлкөнүн иммунитетине кийлигишүү" деп атап, аны токтотууга чакырды жана мунун кесепети уюмдун мүчөлөрү үчүн оор болушу ыктымал экенин эскертти.

Кошмо Штаттардын Жогорку соту 2 миллиард доллар 1983-жылы Ливанда өлтүрүлгөн америкалык аскерлердин үй-бүлөлөрүнө компенсация түрүндө төлөнүп берилсин деген чечим чыгарган. АКШ бул кол салуу үчүн Иранды айыптап келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG