Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

ЦРУ башчысы: ИМдин лидерлерин жок кылуу керек


“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун лидери делген Абу Бакр аль-Багдади.
“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун лидери делген Абу Бакр аль-Багдади.

Абу Бакр аль-Багдади жок кылынса, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топко катуу сокку болмок. Бул тууралуу АКШнын борбордук чалгын башкармалыгынын жетекчиси Жон Бреннан Эн-Би-Си телеканалына курган маегинде билдирип, аталган террордук уюм узак жылдар бою ЦРУнун баш оорусу болуп келгенин моюнга алды.

"Биз “Ислам мамлекети” уюмун тыптыйпыл кылабыз. Буга күмөнүм жок. Бардык үрөй учурган кол салууларды уюштуруп жаткан уюмдун лидерлерин жок кылуу зарыл ", - деди ал.

Бреннан бул топту дагы далай көйгөй жарата турган жаңы феномен катары мүнөздөдү.

“Аль-Каида” экстремисттик уюмунун лидери Усама Бин Ладендин өлтүрүлгөнүнө бүгүн беш жыл болду.

XS
SM
MD
LG