Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Кыргызстан Көчмөндөр оюнун БУУнун резолюциясына киргизүүнү сунуштайт


"Көмөндөр оюндары", 9-сентябрь, Чолпон-Ата
"Көмөндөр оюндары", 9-сентябрь, Чолпон-Ата

Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга сапар менен келген Бириккен Улуттар Уюмунун Аткаруу кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушууда билдирди. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, Сооронбай Жээнбеков быйыл өткөрүлөрү күтүлүп жаткан Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттар жана маданият аралык диалог үчүн аянтча болот деген ишенимин билдирген.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун жайылтуу максатында кыргыз тарап БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясынын «Дүйнөдөгү бакубаттуулук үчүн диний жана маданий баарлашууну, кызматташууну колдоого алуу” резолюциясына оюндар тууралуу текст киргизүүнү сунуштайт”,- деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле Сооронбай Жээбеков 2017-жылы ак илбирсти сактап калуу боюнча саммит өткөрүүнү пландап жатканын кошумчалаган.

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл сентябрь айында өтөрү пландалууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG