Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Тоолуу-Карабакта Азербайжан аскери окко учту


Тоолуу Карабак.
Тоолуу Карабак.

Азербайжандын коргоо министрлиги 3-майда ок атышууда бир аскерин жоготконун маалымдады. Азербайжан менен Армения 2-апрелде башталган куралдуу кагылыштан кийин ок атышууну токтотуу келишимине жетишкен. Ал келишим 5-апрелден баштап иштей баштаган. Бирок келишим бузулуп жатканын эки тарап тең айтып, бири-бирин айыптап келатат.

Тоолуу-Карабак жаңжалы 1990-жылдан башында чыгып, аймак Арменияга ыктаган жикчилдердин колуна өткөн. Согуш учурунда Азербайжан бир нече райондорун да тарттырып жиберген. 1994-жылы Кыргызстандын ортомчулугу менен согушту токтотуу келишимине кол коюлган. (AiT)

XS
SM
MD
LG