Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:04

Энтериев: Нариман Түлеев эки жолу мунапыска илинген


28-июль, 2013-жыл
28-июль, 2013-жыл

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге карата эки жолу мунапыс колдонулуп, мамлекетке келтирилген 60 миллион сомго жакын чыгымды төлөп берген соң камактан чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрага орун басары Орозбек Энтериев билдирди. Анын айтымында, Түлеевге карата жаза мөөнөтү мунапыстын негизинде аяктады.

“Түлеевге карата мыйзамдын негизинде мунапыс жарыяланган. Мамлекетке келтирилген 60 миллион сомдук чыгымды төлөп берди. Анын негизинде жаза мөөнөтү аяктап, камактан бошотулду”,-деди Орозбек Энтериев.

Энтериев ошондой эле Бишкектин мурунку мэри камактагы учурунда эч кандай тартип бузбастан, үлгүлүү жүрүш-туруш көрсөткөнүн кошумчалады.

Бишкектин мурдагы мэри, үч жылдан бери абакта отурган Нариман Түлеев ишембиде эркиндикке чыкты.

Бишкектин Ленин райондук соту 2013-жылы июлда Түлеевди 11 жылга эркинен ажыраткан. Нариман Түлеевге Бишкектин мэри кезинде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке 33 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айып тагылган. Мындан тышкары таштанды ташуучу унаа сатып алууда мыйзам бузган жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деп айыпталган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG