Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

50-абактан качкандар боюнча соттук териштирүү уланды


Бүгүнкү сот жараянында 50-абактан качкандардын унаасын токтоткон Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери көрсөтмө беришти. Жол кайгуул кызматынын кызматкери Мирлан Бакиевдин көрсөтмөсүнө ылайык, абактан качкандар отурган унаа бир нече жолу тосконго, артынан кууганына карабай, качып жүрүп анан токтогон. Андан кийин жол кайгуул кызматкерлерине күч колдонууга аракет кылышкан:

- Бир топ кубалап келип, туюкка кысып токтоттук. Ошондо машинадан Итибаев менен Кыдыралиев түштү, мен алардын аты-жөнүн кийин билдим. Кыдыралиевдин колунда бир жагы балта, бир жагы балка болгон курал бар болчу. Анын куралын көрүп, мен асманга эскертүүчү ок аттым. Бирок ал атуума эч кандай реакция кылбай, мага жакындап келе жатканда, айла жок бут алдына, жерге аттым.

Жол кайгуул кызматкерлеринен кийин 50-абактын кызматкерлеринин айрымдары көрсөтмө беришти.

Бул иш боюнча соттук териштирүү 16-майда уланат.

Былтыр 12-октябрда Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 түрмөдөн тогуз киши үч түрмө кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылып, качып чыккан. Алардын бешөө дароо кармалып, качып кеткендердин үчөө кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Эдил Абдрахманов тирүү кармалган. Анын ок тийген бутуна операция жасалган.

Бул иш боюнча айыпталып жаткан Эдил Абдрахманов, Музаффар Уринов, Болот Курбанахунов абактан качуу, адам өлтүрүү фактысы боюнча соттолууда. Булар менен кошо абактан качкандарды жашырган деген айып менен Максат Абдрахманов жана Нурсият Рысбекова да соттолуп жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG