Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

“Элдик парламент”: Президент отставкага кетсин


Оппозициялык күчтөрдүн Бишкектеги жыйыны.
Оппозициялык күчтөрдүн Бишкектеги жыйыны.

Мындай талапты Элдик форумдун катышуучулары бүгүнкү отурумда айтышты. Ага катышкан Адахан Мадумаров Кыргызстанда реформа жүргүзүү керектигин, бирок ал Атамбаевсиз өтүүсү керектигин белгиледи. Ал эми Бекболот Талгарбеков учурда “бийликти алууга аракет кылган” деген күнөө менен камакта жатышкан Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков 17-майда бошотулат деп айтты. Бирок кандай негизде бошотуларын тактаган жок.

“Элдик парламент” өткөн айда түзүлгөн. Башында оппозицияга да, бийликке да көз карандысыз саясий уюм болот деп айтылган. Кийинчерээк президент Алмазбек Атамбаевден отчет алуу жана мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү, Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов, Чыныбай Турсунбеков жана Тургунбек Кулмурзаев жана анын санаалаштарын жоопко тартуу боюнча элдик комиссия түзүү, июнь коогасына күнөөлүүлөрдү эл аралык сотто жоопкерчилигин кароо деген талаптар айтылган соң, катары суюла баштаган.(NT;ZKo)

XS
SM
MD
LG