Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Салянова: Түлеевдин мунапыс алууга укугу жок болчу


Аида Салянова
Аида Салянова

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Салянова фракция жыйынында билдирди. Депутат Нариман Түлеев кантип 2010-жылкы убактылуу өкмөттүн декрети менен кабыл алынган мунапыска илинип калганына кызыкты:

"Декретте жазылып турат, Кылмыш кодексинин 303-беренеси жана 315-беренеси менен айыпталып, камалгандар бул мунапыстан пайдалана албайт деп. Анда кандайча Түлеевдин жаза өтөө мөөнөтү кыскарып кетти?", - деди Салянова.

Аида Салянованын суроосуна Жаза өтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Орозбек Энтериев жооп берип, Түлеев мөөнөтүн кыскартуу боюнча мунапыс менен бошотулганын билдирди. Салянова Түлеевдин кандай берене боюнча бошотулганы тууралуу жазуу түрүндө түшүндүрмө талап кылды.

Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев 7-майда эркиндикке чыккан. Ал өзүнө тагылган айып боюнча мамлекетке келтирилди делген чыгашаны толук төлөп бергени жана мөөнөтүн кыскартуу боюнча мунапыс менен бошотулганын журналисттерге билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG