Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:21

Крымда эс алууну каалаган орусиялыктардын саны азайды


Эксперттердин айтымында, орусиялыктарды Крымдагы тейлөөнүн деңгээли канааттандырбайт.
Эксперттердин айтымында, орусиялыктарды Крымдагы тейлөөнүн деңгээли канааттандырбайт.

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралына барып эс алууну каалаган орусиялыктардын саны 25 пайызга кыскарды. Бул тууралуу “Коммерсант” басылмасы туроператорлорго шилтеме берип жазды.

Эксперттердин айтымында, орусиялыктарды Крымдагы тейлөөнүн деңгээли канааттандырбайт. Байкоочулар былтыр эс алып кеткендердин көбү Крым такай эс алуучу жай болууга даяр эмес экенин айтышканын билдиришүүдө.

Түркия же Египетке барып жүргөн туристтердин көбү быйыл Сочини тандашкан. Сочиде эс алууну көздөгөн орусиялыктардын саны 40 пайызга өскөн.

Орусия Крымды аннексиялап алган соң 2014-жылы жарым аралга барып эс алгандардын саны кескин өскөн. Ал эми Түркияга турларды сатууга 2015-жылдын соңунда тыюу салынган.

Буга түрк аба күчтөрүнүн Сирия менен чек аралаш аймакта орусиялык Су-24 учагын атып түшүрүшү себеп болгон.

Ал эми Египетке аба каттамдар өткөн жылы 31-октябрда Синай жарым аралында орусиялык учак кулап түшкөн соң белгисиз мөөнөткө токтотулган.

XS
SM
MD
LG