20-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган облустарда жаан-чачын болбойт. Күндүз республика аймагында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,
Таласта түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,
Баткенде түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19,
Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 22...24.