Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Тажикстанда президенттин бийлигин чыңдоочу референдум өттү


Президент Рахмон добуш берүүдө. 22-май, 2016-жыл.
Президент Рахмон добуш берүүдө. 22-май, 2016-жыл.

Тажикстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдун жыйынтыктары дүйшөмбү күнү белгилүү болот.

Добуш берүү жекшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20да аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бекеттери жабылардан эки саат мурда билдиргендей, референдумга добуш берүүгө укуктуу 3,9 миллион жарандын 88,3% катышты.

Жекшемби күнкү референдумдун натыйжасында Тажикстандын Конституциясына 41 өзгөртүү киргизилүүдө.

Алардын эң башкысы - президент Эмомали Рахмондун мамлекет башчылыкта түбөлүк калуусуна жол ачуу, президенттикке талапкердин эң ылдыйкы жаш курагын 35тен 30га түшүрүү.

Бул президент Рахмондун 29 жаштагы уулу Рустам Эмомалинин бийликти атасынан өткөрүп алышына жол ачат.

Ошондой эле Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүгө ылайык Тажикстанда эми диний негизде партия курууга жол берилбейт.

Былтыр өлкөдө бийликке оппозицияда жүргөн Ислам кайра жаралуу партиясына тыюу салынган. (UE)

XS
SM
MD
LG