Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:36

Тынчтык келишимин бузган Киев менен козголоңчулар бири-бирин айыпташууда


Донецк.
Донецк.

Украинанын чыгышында өткөн күндөрдө бир аскер каза болуп, дагы бири жарадар болду. Бул тууралуу Украина президенттик аппаратынын өлкө чыгышындагы аскердик операциялар боюнча өкүлү Александр Мотузяник билдирди.

Киев жекшембиге караган түнү козголоңчулар ок атпоо келишимин бузуу менен артиллериялык системадан эки ирет ок ачканын жарыялады. Анын жыйынтыгында Авдеевка шаарынын бир тургуну жарат алган.

Өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” деп жарыялап алган тарап болсо тынчтык келишимин бузганы үчүн Киевди айыптоодо. Козголоңчулар Украин армиясы акыркы күндөрү 200 жолу ок чыгарганын айтууда.

Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2014-жылдын жазынан бери Донбасстагы куралдуу чатактан 2600дөн ашуун аскер кызматкери мерт болуп, 9000ден ашыгы жарат алган.

Украина жана Батыш өлкөлөрү Донбасстагы козголоңчуларга Орусия колдоп курал-жарактан жардам берип жатат деп айыптап келет. Орусия бул айыптарды четке кагат.

XS
SM
MD
LG