Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү кармалды


Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Урмат Мусаев милиция кызматкерине кол салууга шектелип кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, ага мурда да бир катар кылмыштар боюнча сырттан айып тагылган. Ал мурда да соттолгон.

Бишкекте быйыл 6-апрелде Октябрь райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп, документ текшерүү аракетин көргөндө анын ээси, Урмат Мусаев каршылык көрсөтүп, тартип сакчысын сүзүп, качып кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголгон эле. (NT)

XS
SM
MD
LG