Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:05

Клинтон: Трамп президенттикке "жарабайт"


Президенттикке талапкер Хиллари Клинтон.
Президенттикке талапкер Хиллари Клинтон.

АКШ президенттигине талапкерликке умтулган Демократиялык партиянын өкүлү Хиллари Клинтон Республикалык партиядан чыккан атаандашы Дональд Трампты президенттикке “жараксыз” деп сыпаттады.

Тышкы саясатка токтолгон Клинтон Трампты “Американы же дүйнөнү” түшүнбөгөн миллиардер, ал ядролук сыр сөзгө ээ болчу адам эмес деди.

Ал ошондой эле АКШнын дүйнөдөгү чечүүчү ролун кубаттаган “акылдуу жана принципиалдуу” тышкы саясатты сунуштап жатканын кошумчалайт.

“Эгер Дональд Трамп утса, Кремь аны майрамдайт. Биз буга жол бере албайбыз”, дейт Клинтон.

Клинтон бул сөздөрдү Калифорния штатынын Сан-Диего шаарындагы жолугушуусунда айтты. Эмки жумада аталган штатта праймериз өтөт.

XS
SM
MD
LG