Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Ибраимов: Бишкекте кошумча магистралдар курулат


Жол оңдоо.
Жол оңдоо.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун кызматка киришкенине бүгүн жүз күн болду. Буга байланыштуу ал жалпыга маалымдоо каражаттарына аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Ибраимов башкалаадагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу айтты.

Анын айтуусунда, шаардыктардын баш оорусуна айланган борбордук көчөлөрдөгү жол тыгындарынан арылуу үчүн жүргүнчүлөрдү ташыган ири автоунааларды көбөйтүү зарыл. Ага чейин жолдорду оңдоо керектигин айткан Ибраимов болочокто кошумча магистралдарды куруу планы бардыгын маалымдады. Жаңы конуштар менен борборго эл ташыган 2 миңдей кичи автобустардын ордуна газ менен жүрчү автобустарды сатып алуу пландалууда.

Албек Ибраимов Бишкектин мэри болуп февралда шайланган. Анын талапкерлигин КСДП сунуштап, ал шайлоого жалгыз катышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG