Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:33

"Манас" эпосу венгер тилинде жарык көрдү


"Манастын" венгер тилиндеги котормосу.
"Манастын" венгер тилиндеги котормосу.

Венгриянын баш калаасы Будапештте бүгүн «Манас» дастанынын венгер тилиндеги китебинин бет ачары өттү. Ага Венгрияда сапар менен жүргөн Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана аталган өлкөнүн илимдер академиясынын окумуштуулары катышты.

Буга чейин венгер тилинде «Манас» эпосунан үзүндүлөр жарык көргөн. Азыр Сагынбай Орозбаковдун кыскартылган варианты басмадан чыкты. Аны «Манас» эпосун изилдеп, Кыргызстанга көп келген жана кыргыз тилин мыкты өздөштүргөн котормочу, окумуштуу, түрколог, этнограф Давид Шомфаи Кара которгон.

Венгер тилиндеги «Манас» эпосу беш жүз нускада басылган. Жакын арада китептин нускасы мындан дагы көбөйтүлө турганы белгилүү болду.

Спикер Чыныбай Турсунбеков китепти чыгарууга көмөктөшкөн венгер парламентинин мурдагы депутаты Ференц Попчак менен котормочу Давид Шомфаи Карага ыраазылык билдирип, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды. (NT)

XS
SM
MD
LG