Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

УКМК тендер чыры боюнча ишти Башкы прокуратурага өткөрөрү айтылууда


Балыкчы-Корумду жолун оңдоо үчүн өткөрүлгөн тендер боюнча козголгон кылмыш ишти иликтөөнү Антикоррупциялык кызмат Башкы прокуратурага өткөрөрү айтылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев билдирди. Анын айтымында, УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызмат алгачкы иликтөөнү жүргүздү. Малабаев эми ишти Башкы прокуратурага өткөрүүнү карап жатканы боюнча маалыматы бар экенин кошумчалады.

Буга чейин Жогорку Кеңеш Балыкчы - Корумду жолу боюнча өткөрүлгөн тендерди текшерген депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратурага мурдагы премьер-министр Темир Сариев, транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев баштаган жетекчилердин иш-аракеттерине укуктук баа берүү тапшырмасын берген.

Жогорку Кеңеште Балыкчы-Корумду жолун оңдоо боюнча тендердин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия мүчөлөрү тендер мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирүүдө. Бирок өкмөт жана тендердик комиссия мындай дооматтарды четке кагып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG