Жогорку Кеңеште никеге туруу үчүн жаш кыздарды зордуктагандарга карата жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган мыйзам долбоордо бойго жете элек кыздарды зордуктап, алардын өлүмүнө алып келген же ден-соолугуна оор залал келтирген адамды 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда. Мыйзам долбоору ушул жума күнү «Республика – Ата Журт» фракциясында талкууланды. Эми парламенттин комитеттеринде жана жалпы жыйында каралмакчы.
Мыйзам демилгечилеринин маалыматында 2015-жылы бойго жете элек балдарга каршы 185 кылмыш катталып, медициналык мекемелерге зордукталуу фактысы боюнча 164 бала кайрылган.(BkA)