Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Обама: Орландо кыргынына ИМдин катышы далилдене элек


АКШ курмандыктарды эскерүүдө.
АКШ курмандыктарды эскерүүдө.

Орландо шаарындагы жапырт киши өлтүрүүгө ИМдин катышканы далилдене элек. Бул туурасында АКШ президенти Барак Обама билдирди. Анын айтымында, ооган тектүү АКШ жараны Омар Матинге экстремисттер таасир эткен болушу ыктымал. Бирок анын чет жактан түз буйрук алганы боюнча далил жок.

Буга чейин “Ислам мамлекети” террордук тобу кумсалардын түнкү клубуна өз аскерлеринин бири кол салганын жарыяланган.

12-июнда Орландо шаарындагы кумсалардын түнкү клубундагы ок атуулардан 49 адам каза тапты. Буга чейин аткан адам менен кошо 50 киши өлгөн деп кабарланып жаткан. Федералдык иликтөө бюросу каза тапкандардын 48инин тек-жайы аныкталганын маалымдады.

Кол салган түбү оогандык АКШ жараны, 29 жаштагы Омар Матин окуядан мурда полицияга телефон чалып, "Ислам мамлекети" тобунун мүчөсү экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG