Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Ысык сууну бир айга өчүрүүнү баштоо мөөнөтү боюнча бир пикир табыла элек


Бишкекте ысык сууну жайкысын бир айга өчүрүүнү баштоо мөөнөтү так чечиле элек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" шаардык мэриянын маалымат катчысы Гуля Алмамбетова билдирди:

- Кышкы сезон башталганга чейин жумушчу топ 2-3 жолу чогулуп, чечет. Негизи биз тараптан да, "Бишкекжылуулуктармагы" жактан да суроолор бар. Күзүндө чечим кабыл алынат.

Адатта Бишкек шаарында жыл сайын май айынын 9-10дорунан баштап ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул маалда түтүктөр оңдолуп, системаны тазалоо иштери жүрөт.

Өткөн айда мэрия шаардыктардан арыз түшкөнүн, анда бул иштериди июль-августта жүргүзүү өтүнүчү келтирилгенин айткан.

Ал эми "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы "мээ кайнаган" ысыкта жерди казып, темир түтүктөр менен иштөө өтө оор болуп каларын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG