Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Францияда полицияны өлтүргөн кылмышкер жок кылынды


Париж.
Париж.

Франциянын ички иштер министри Бернар Казнёв полиция менен аялынын өлтүрүлүшүн “ачыктан-ачык террордук акт” деп атады.

Дүйшөмбү түнүндө полиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары менен чогуу иштеген аялы Ляросси Аббала аттуу кылмышкердин колунан мерт болушкан.

Алгач кылмышкер офицерди тогуз жолу бычактап өлтүргөн соң, анын аялы менен үч жашар баласын туткундап, үйүнө жашынып алган. Полиция аялды куткарып кала алган эмес. Наристе эсен-соо экени маалымдалды.

Кол салган Ляросси Аббалла мурда теракт даярдаган кылмыштуу топ менен байланышы бар деп үч жылга соттолгону белгилүү болду. А түрмөдө болгону жарым жыл отурган.

Мурдараак тергөөгө жакын булактар Аббалла өзүн “Ислам мамлекети” террордук тобуна тиешеси бардыгын айтканын билдиришкен. Аталган топ да чабуулду өзүнө алганы кабарланууда.

Францияда ушул күндөрү футбол боюнча Европа чемпиондугу өтүүдө. Парижде жана башка шаарларда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG