Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Кыргызстан аркылуу Сирияга кетүүнү көздөгөн эки чет элдик кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы Кыргызстан аркылуу Сирияга кетүүнү көздөгөн эки чет элдик жаранды кармады. Атайын кызматтын коомчулук менен байланышуу бөлүмү кабарлагандай, алардын бири 50, экинчиси 24 жашта.

Кармалгандар коңшу өлкөлөрдүн биринде издөөгө алынганы аныкталган. Маалыматка караганда, алар Кыргызстанга быйыл февралда чек арадан мыйзамсыз киришкен.

10-июнда колго түшкөн эки кишинин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси – “Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” боюнча кылмыш иш козголду. (SE)

XS
SM
MD
LG