Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

ЖМК мыйзам долбоорунун талкуусуна демилгечилер келбеди


Мыйзам долбоорунун талкуусу.
Мыйзам долбоорунун талкуусу.

Бишкекте журналисттер жана медиа эксперттерден турган демилгелүү топтун "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча талкуусу өтүүдө. Ага аталган мыйзам долбоордун демилгечилери, парламенттеги фракциялардын жетекчилери, комитеттердин өкүлдөрү чакырылган. Бирок, демилгечилер, фракция жетекчилери жыйынга келген жок. Депутаттардан КСДП фракциясынан өкүлү Жанар Акаев гана катышууда. Бүгүнкү талкууда журналисттер, медиа уюмдардын жетекчилери, жарандык активисттер депутаттардан аталган мыйзам долбоорун четке кагуу жана аны чакыртып алууну талап кылышат. Соңунда мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөргө каршы резолюция кабыл алат.

Эл өкүлдөрү Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган документке ылайык, жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу. Чет жактан каржыланган маалымат каражаттарына сырттан келүүчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керек деген эреже да жазылган. Бул демилге коомчулукта сөз эркиндигин чектейт деген катуу сынга кабылды. (NT/UEz)

XS
SM
MD
LG